• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде ишкер айымдардын ишкердигин илгерилетүүгө багытталган форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Баткенде ишкер айымдардын ишкердигин илгерилетүүгө багытталган “Өнөктөштүктүн жаңы аспектилери” аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун жүрүшүндө өлкө аймактарынан чогулган ийгиликтүү ишкер айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишкердикти өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу баарлашуу болду.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын ишкердигин илгерилетүүдөгү “Курак аялдар форуму” коомдук бирикмесинин насаатчылык программаларын ийгиликтүү ишке ашырып келгенин белгилеп, бул иш аракет аялдардын биринчи кезекте өзүн жана өлкөнүн өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот деп белгиледи.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкердүүлүгүнүн күнүн утурлай, “Курак аялдар форуму” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий