• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө жоогазын гүлдөрү эгилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүн шаардын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери гүл көчөттөрүн борбордук аянтка отургузушууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башчысы Төлөн Бакировдун айтымында, бул жылы шаар көчөлөрүн кооздоо максатында гүлдүн 22 түрү даярдалган. Буга чейин алардын алгачкылары белгиленген жайларга эгилди. Азыркы учурда калаанын борбордук бөлүктөрүнө жоогазын гүлдөрү эгилип башталды.

Негизи шаарыбызда бул гүлдүн түрү алгачкы жолу эгилүүдө. Көчөттөр буга чейин атайын идишке отургузулган. Эми аны кызматкерлерибиз даярдалган жайларга эгип башташты. Жоогазын гүлдөп бүткөндөн кийин анын ордуна дагы башка мезгил-мезгили менен ачылып кооздук берүүчү гүлдөр эгилет дейт,- Т. Бакиров.

Белгилей кетсек, бул жылы Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы жумуш иштерин жылдагыдан эрте баштагын.

Пикир

Оставить комментарий