• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында жана Сузакта коменданттык саатты бузган 13 адам кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 13 адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, 29нан 30-мартка караган түнү облус аймагында 12 кылмыш катталган: оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.

"Өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн -142 жаран кармалган", - деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүн таңкы саат 07:00гө карата Жалал-Абад шаарында 9, ал эми Сузак районунда 4 жаран кармалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 84 кишиге жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда – 39, Ош облусунда – 33, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда - 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий