• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы район аймагындагы айыл тургундарына жылытуучу приборлорду жана мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып, өрт чыккан убакта "112" жана "101" номерлерине чалуу керек экендигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий