• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда алты айда бюджеттин киреше бөлүгү 105,7%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда Жалал-Абад облусунун аймагында 2022-жылдын алты айында аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн коллегиялык жыйынга Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймак башчылары катышты.

Алаты ай аралыгында Жалал-Абад облусунда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 105,7 пайызга аткарылган же 244,4 млн сомго кѳп жыйналган. Ошол эле учурда тышкы соода жүгүртүү, керектөө рыногу, өнөр жай продукциясын өндүрүү, негизги капиталга инвестицияларды тартуу, байланыш, транспорт жана коммуналдык чарба тармагында да пландык көрсөткүчтөр аткарылган.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү быйылкы окуу жылында республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен облус боюнча бир гана окуучу "Алтын сертификатка" ээ болгонун белгилеп, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын ишин сынга алды. Ал көп жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап, билим сапатынын өнүгүүсүнө салым кошпогон кызматкерлердин жумуш орду каралаарын айтты.

Облус башчысы салык кызматындагы, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы аракеттердин солгундугун белгилеп, эскертүүлөрдү берди.

Мындан сырткары, облуста ККМ аппараттарын колдонуу, санариптештирүү ишин күчөтүү, турак-жайларды камсыздандыруу, үй-бүлөлүк мааракелердеги ыксыз чыгымдарды кыскартууну тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жарым жылдыктын жыйынтыгында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору боюнча бүгүнкү күндө 58 айылда жана 3 шаарда жумуш жүрүп жатканы маалымдалды. Аларга республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлор тарабынан каражат бөлүнгөн. Жыйында айыл чарба жаатындагы ирригация, мал чарбачылыгы, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо ишинин жүрүшү тууралуу маалымат айтылды.

Пикир

Оставить комментарий