• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жыл аягына чейин дагы 5 мектептин курулушу бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча Мамкурулуш тарабынан 7 мектеп пайдаланууга берилди, дагы 5 мектептин курулушу 15-декабрга чейин бүткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш облус боюнча 7 мектепти пайдаланууга берди, дагы 5 мектептин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 15-декабрына чейин бүткөрүлөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамкурулуштун кызматкерлерине мектеп жана бала бакчалардын курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, Нурдан Орунтаев курулушта пайдаланылган материалдардын сапатына, бекитилген дол-боордук-сметалык документацияга ылайык келишине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эскерте кетсек, мектептер менен бала бакчалардын курулушу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жыл аягына чейин 100 мектепти бүтүрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий