• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында туристтер үчүн жол көрсөткөн QR-код менен маалымат такталары илинүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23./Кабар/. Нарын облусунун аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын эс алуусуна толук кандуу шарттарды түзүү максатында QR-код менен маалымат такталары илинүүдө.

QR-код аркылуу Нарын облусуна келген туристтер уюлдук телефонуна облус боюнча кайсыл жерде эс алуучу, тамактануучу жайлар бар экендигин жана автоунаа тейлөөчү сервердик жерлерди, ошондой эле жол карталарын көрө алышат.

ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришкендей, жалпы 10 даана такта илинди.

Эскерте кетсек, буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалып, баары жер-жерлерге таратылган.

Пикир

Оставить комментарий