• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Баткен облусунда жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, Баткен шаарында 20 аял инсандык өнүгүү, бизнести пландаштыруу боюнча окутууга катышкан.

Алар кулинария, тигүүчүлүк, өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу алдыга жылдыруу, товарды же кызматты жарнамалоо, айыл чарба продукцияларын чакан күнөсканаларда өндүрүү, аймакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын рыноктун талабына ылайык кургатууну, бизнес план түзүүнү үйрөнүшкөн.

Окутуулардын жыйынтыгы менен бизнес план түзгөн 8 аял 400 долларлык грантка ээ болушту. Өз бизнесин түптөөнү максат кылган кыз-келиндерге ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жабдуулар ыйгарылды.

Бул саамалык “Диалог, ишеним, укук” Коомдук бирикмесинин “Баткен шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында аялдар зомбулукка кабылган жарандарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү, стресстен өзүн алып чыгуу боюнча да окутуулардан өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий