• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ош: Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы башталды

Аймак 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Ош шаарында 2019-жылдын 1-мартынан тартып 31-мартка чейин Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, аткарууга алынды.

Анын негизинде төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:

- Ош щаарынын аймагында жайгашкан ар бир уюм, мекеме – ишканалар, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан социалдык колдоого муктаж жарандарга материалдык –моралдык жардам көрсөтүү,

- Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга көмөк көрсөтүү,

-Жалгыз бой ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана улгайган жарандардын жашоо-шарты боюнча иликтөө жүргүзүү, кабар алуу,

-Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга донорлор жана коомдук уюмдар менен биргеликте гуманитардык жардам (кийим-кече, азык-түлүк отун, ж.б.) көрсөтүү,

- Муниципалдык аймактык башкармалыктарда кайрымдуулук акцияларын уюштуруу,

- Басууга мүмкүнчүлүгү жок ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга үйүнө баруу жолу менен медициналык кароолорду уюштуруу,

-Социалдык колдоого муктаж ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз негизде берүү,

-Жатак мектептерге, үй-интернаттарына, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборлоруна, ДМЧА жана улгайган адамдардын коомдук уюмдарына социалдык колдоо көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий