• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жолдор кардан тазаланып, кум-туз аралашмасы себилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.01.23./Кабар/. Тынымсыз жааган кардан улам, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, шаардын бардык муниципалдык кызматтарына жолдорду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштерин күчөтүү тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тийиштүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көзөмөлгө алууда. Анын жүрүшүндө Жунусбаев Ош шаарынын жетекчилиги жолдорду кардан тазалоо боюнча абалды көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, бардык кызматтарга өздөрүнө тапшырылган жол тилкелерин тазалоодо бири-бири менен эриш-аркак иштөөнү тапшырды.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын жолдорун тазалоо иштерин Ош-Тазалык, ДЭП-21 ишканалары, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, Ош шаардык жолдор башкармалыгы аткарат.

Пикир

Оставить комментарий