• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор райондук милициясы аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-апрель күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы жана жеке демөөрчүлөр менен биргеликте бөлүмдүн көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы Кочкор, Арсы, Кара-Тоо, Теңдик, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Бугучу, Чолпон жана Көбөнгөнсай жаңы конуштарда жашаган тургундар менен жолугушту.

Аталган айылдарда жашаган жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдөн, жалгыз бой энелерден,жарым жетимдер жана 1-2-топтогу майыптардан кабар алып, ал абалын суроо менен ыйык орозо айынын урматы менен өздүк курамдын атынан муктаждыгы бар жалпы 55 үй-бүлөгө акчалай жардамдар көргөзүлдү.

Жергиликтүү тургундар өз кезегинде милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип иштерине ийгилик каалап өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий