• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысы Ак-Суудагы тигүү фабрикасынын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетов Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан "Aiko Seiko" тигүү фабрикасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Aiko Seiko" тигүү фабрикасы 19 жылдан берүү туруктуу иш алып барып келет. Ишкана жетимиштей адамды жумуш менен камсыз кылат. Учурда ар кандай өндүрүш ишканаларга атайын кийимдерди, андан сырткары, сезондук кийимдерди тигип келишет. Ал үчүн атайын заманбап техникалар Япония өлкөсүнөн алынып келген.

Фабриканын жетекчиси Нурбүбү Султанбаева өндүрүштү кеңейтүү боюнча облус жетекчисине кайрылып, көмөк көрсөтүүнү суранды. Облус башчы Илияз Иманбетов колдоо болорун белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий