• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто мамлекеттик ооруканада алгачкы компьютердик томография иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен ооруканасында компьютердик томография иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кызматтын баасы тактала элек, тез арада медициналык жардамга муктаж болгондор акысыз текшерилүүдө.

Аталган аппарат республикалык бюджеттин эсебинен 28 млн сомго сатылып алынган.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустары үчүн да компьютердик томографтар сатылып алынып, кызматкерлердин окуулары аяктап, бейтаптар кабыл алына баштады.

Ушундай эле аппарат Жалал-Абад облусунда да иштейт.

Пикир

Оставить комментарий