• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда үч майрам күнүн жумуш күнү деп жарыялоо сунушталууда. Мыйзам долбоору талкууга коюлду

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдөгү үч майрам күнүн жумуш күнү деп жарыялоону сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель (Апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) күндөрүн майрам бойдон калтырып, бирок иш күндөрү деп белгилөө сунушталууда.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, бул даталар жалпы элдик эмес, мамлекеттик майрамдар болуп саналат.

"Майрамдардын санынын кыскарышы коомчулуктун маанайына олуттуу таасир тийгизип же болбосо терс реакцияны жаратпоосу керек", - деп эсептешет демилгечилер.

Ошондой эле министрлик дем алыш күндөрүнө туш келген майрамдарды иш күндөрүнө жылдыруу тажрыйбасын жоюуну сунуштады.

Ведомстводон кошумчалашкандай, Кыргызстанда жалпысынан алганда бир жыл ичинде 14 жумуш эмес майрам күндөрү белгиленет. "Майрамдардын санын кыскартуу Кыргызстандын экономикасына оң таасир тийгизет. Кошумча майрам жана эс алуу күндөрү эмгек чыгымдарын жогорулатат жана өндүрүштү кыскартат. Анткени көптөгөн компаниялар аталган күндөрү кызматерлердин жоктугунан толук кантуу иштей албайт", - дешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий