• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Египеттеги мелдеш: Бүгүн Айсулуу, Айпери жана Мээрим килемге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта болгариялык Юлиана Яневага каршы, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделт менен кармашат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло медаль утту.

Пикир

Оставить комментарий