• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз продукциясын Сибирь рыногуна экспорттоону жогорулатуу маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков аталган шаардагы "Русагромаркет" товарларды дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборуна барып, жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын айыл чарба жана тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрү менен камсыздоочуларынын "Русагромаркет" дүңүнөн сатуу жана бөлүштүрүү борбору менен кызматташуу маселелери талкууланып, дүң сатуу каналдарын уюштуруу жана кыргыз продукциясын Сибирь рыногуна экспорттоону жогорулатуу маселеси талкууланды.

"Русагромаркет" борборунун жетекчилиги башкы консул Айбек Айдарбековду борбордун товарларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Ошондой эле Сибирдеги чекене соода түйүндөрүнө андан ары жайылтуу үчүн Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияны фитосанитардык көзөмөлдөө, сертификациялоо жана бажылык тариздөө боюнча аталган борбордо түзүлгөн шарттары көрсөтүлдү.

Айбек Айдарбеков өз кезегинде кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен "Русагромаркет" дүңүнөн сатуу жана бөлүштүрүү борборунун ортосунда кызматташууну түзүүгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын айыл чарба, азык-түлүк, эт, сүт азыктарын, консерва жана башка продукцияларды Сибирдин базарларына жеткирүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын март айында "Русагромаркет" дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборунун жетекчилигинин кыргыз компаниялары жана ишканалары менен борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары менен тааныштыруу жана келечекте келишимдерди жана кызматташтыкты түзүү үчүн Кыргызстандын ишкерлеринин Новосибирск шаарына иш сапарын уюштуруу үчүн видеоконференция байланыш форматында жолугушуусун уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий