• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жетинчи жыл катары менен “Кепилдик фондунун” кепилдиктеринин кайтарымдылуугу 100%га жакын

Экономика 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. 2023-жылы “Кепилдик фонд” ААКсы өлкөнүн ишкерлерине колдоо көрсөтүп, ишмердүүлүгүнүн бардык мезгили аралыгында 4 376 кепилдик берген. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын жалпы суммасы 2,8 миллиард сомдон ашыкты түзгөн.

Жети жыл ичинде Кепилдик фонд өз каражаттарынын кайтарымдылуугунун жогорку көрсөткүчүн сактап келе жатат, ал 2023-жылдын аягында 97,6% түздү.

Фонддун ишинин бүткүл мезгилиндеги кайтарымдылуугунун көрсөткүчү 97,6%дан 100%га чейин өзгөргөт, ал эми жети жылдык орточо көрсөткүчү 99,2%ды түздү.

""Кепилдик фонд" ААКсынын ишинин натыйжалары жана анын кепилдиктеринин жогорку кайтарымдуулугу мамлекеттин жана өлкөнүн бизнесинин ага артылган үмүтүн толук актайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий