• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сентябрдан тарта ЭТТК системасында документтердин номерлерин ыйгаруу тартиби өзгөрөт

Экономика 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап Мамлекеттик салык кызматынын "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" системасы Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленген жаңы талаптарга ылайык документтердин номерлерин ыйгарат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, номерлерди ыйгаруу "KGXXXXXXXXXXXXXXX" түзүмү боюнча жүргүзүлөт.

Техникалык каталар же товарлардын маанилеринде айырмачылык табылган учурда "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн техникалык жана консультациялык колдоо кызматына төмөнкү номерлер боюнча кайрылууну өтүнөбүз: 0221 00 01 16,0776 00 01 16,0508 99 66 69, 0997 00 01 16, 0755 00 01 16, 0312 61 01 67. Ошондой эле электрондук почта support@it.salyk.kg аркылуу байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий