• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Бир айда 14 миңден ашык салык төлөөчү карыз тууралуу маалымкатты онлайн алды

Экономика 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бир айдын ичинде 14 миң 514 салык төлөөчү "жеке салык кабинети" аркылуу салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз тууралуу маалымкатты онлайн режимде алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

Маалымкат алуу үчүн жалпысынан 23 миң 195 суроо-талап келип түшкөн. Алардын ичинен 14 миң 514ү берилген, 8 миң 327си боюнча баш тартылган, ал эми 354ү кароо процессинде.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалымкаттарды онлайн алуу кызматын ишке киргизген.

Бул сервис салык органына барбастан эле Cabinet.salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетиңиз" аркылуу маалымкат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Cabinet.salyk.kg "жеке кабинетинен" маалымкат алууга арыз берүү үчүн "МСК менен кат алышуу” бөлүмүн тандап, “Маалымкаттар” рубрикасына өтүү керек.

Карыз жөнүндө маалымкат салык органы суроо-талапты алгандан кийин эки жумушчу күндүн ичинде иштелип чыгат жана берилет. Ал түздөн-түз салык төлөөчүнүн жеке кабинетине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий