• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдувапов: КНСти контролдоо системасы салыктын төлөмүн натыйжалуу контролдоого мүмкүндүк берет

Экономика 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Салык кызматы 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну жакшыртуу максатында "КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы" аналитикалык системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отурумунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында ведомствонун ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, система КНС боюнча отчетторго, электрондук эсеп-фактураларга жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан таризделген башка баштапкы документтерге салык кызматкеринин кийлигишүүсүз автономдуу режимде талдоо жүргүзөт.

"КНС" системасы айырмачылыктарды эсептейт жана иштеп чыгат, КНС боюнча тобокелдик деңгээлин эсептейт, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн байланыштарын визуалдаштырат.

Системанын жардамы менен салык кызматкерлери КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгын жана толуктугун контролдой алышат, анын ичинде КНСтин отчеттуулугу боюнча салык төлөөчүлөргө камералдык салык текшерүүлөрүн жүргүзө алышат. КНС КАСты колдонуу салык төлөөчүлөрдүн операцияларынын ортосундагы дал келбестиктерди ыкчам жана натыйжалуу табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий