• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык аракети: туруктуу келечекке кадам

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. КР Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев донордук коомчулук, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдар, мамлекеттик, илимий органдар жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин концепциясы жана жол картасы (2023-2027-жылдар) боюнча коомчулуктун өкүлдөрүнө менен маалыматтык-таанышуу жолугушуу уюштурду.

Иш-чара БУУ өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулду.

Бул иш-чара тоолорду туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан уникалдуу чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө өлкөдөгү аракеттерге көңүл бурдуруу боюнча маанилүү кадам болду.

Жолугушууга 80 уюмдан 100дөн ашык адам катышып, республиканын аймактарындагы өкүлдөр онлайн режиминде кошулушту.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын сентябрь айында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыялоо тууралуу Жарлыкка кол койгон. БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө ал уюмга мүчө өлкөлөрдү беш жылдык глобалдык аракеттер планын ишке ашырууга активдүү катышууга чакырган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине беш жылдыктын концепциясын жана жол картасын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү тапшырылган.

Жол картасын ишке ашыруунун максаты - калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана тоо экосистемаларын сактоо. Жол картасы үч деңгээлде пландаштырылган иш-чараларды камтыйт: глобалдык, аймактык жана улуттук. Жолугушуунун катышуучулары, анын ичинде донордук коомчулук жол картасы боюнча иш-чаралардын түзүмүн жана камтуусун оң баалап, аны биргелешип ишке ашырууга кызыкдар болушту. Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана дүйнөнүн тоолуу аймактарынын көйгөйлөрүнө жана өзгөчө муктаждыктарына көңүл бурууда Кыргыз Республикасынын алдыңкы ролу белгиленди. Беш жылдыкты ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2027-жылы экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Грейв эл аралык платформаларда тоолуу өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүндүк берген “тоолуу дос өлкөлөр тобунун” коалициясынын маанилүү ролун баса белгиледи. БУУ өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева Жол картасынын актуалдуулугун жана тоолуу аймактар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу үчүн маалыматтык иштердин, эл аралык деңгээлде да, өлкөнүн ичинде да зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий