• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анкарада өткөн көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Анкарада өткөн "TRAVELEXPO Ankara" туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 16-ноябрынан 19-ноябрына чейин өтүп, ага Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Соода өкүлчүлүгү катышты.

"Бул көргөзмөнүн негизги максаты туризм тармагында жаңы перспективаларды ачууга умтулган туризм тармагындагы адистерди бириктирүү болуп саналат. Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө маалымат таратылып, туризм жөнүндө жарнамалык материалдар сунушталды, ошондой эле Кыргызстандагы туризмдин ар кандай түрлөрү боюнча видеороликтер көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий