• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Айбек Абдымомуновдун наамына арналган Бокс боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында туңгуч Дүйнө чемпиону, КР Эл аралык класстагы спорт чебери Айбек Абдымомуновдун наамына арналган Кыргыз Республикасынын кубогу өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Айбек Абдымомуновдун замандаштары, машыктыруучулары жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Катышуучулар 33,35, 37, 40, 43, 46, 49, 52, 55, 58, 61,64, 67, 70, +70 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

Белгилей кетсек, Айбек Абдымомунов бокс боюнча жаштар арасында 2004-жылы дүйнө чемпиону болгон, эл аралык даражадагы спорт чебери, Филиппинде өткөн Азия чемпионатынын күмүш байге ээси.

Пикир

Оставить комментарий