• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экспорту 11,7%га өстү – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын экспорту 1356,5 миллион долларды түзүп, 11,7%га өстү. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, алтындын экспорту 1,5 эсе, эт азыктарын экспорттоого 2,8 эсе, сүт азыктары 1,5 эсе, картошка 3,8 эсе, төө буурчак 1,4 эсе, бал 1,3 эсе, жашылча жемиштер 1,3 эсе, цемент 37%, айыл чарба товарлары 27,5% жана баалуу металдардын концентраттары 11%га өскөн.

"ЕАЭС өлкөлөрүнө болгон экспорттун көлөмү 444,3 миллион долларды түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3,6%га азайган. Ал эми, үчүнчү өлкөлөргө 912,2 миллион доллар (21,0%га өсүш), КМШ өлкөлөрүнө 598,0 миллион доллар (5,4%га кыскарган), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун өлкөлөрүнө 1221,7 миллион доллар (14,4% өсүш), ЕБге 605,0 миллион долларды (1,3 эсе өсүш) түзгөн", - деп билдирди Алишеров.

Алишеров белгилегендей, ушул жылдын башында Казакстан өлкөсү Кыргызстан тарапка айрым чектөөлөрдү коюп, чек арада көзөмөлдү күчөткөн.

"Жыл башынан бери экспорт тармагында төмөндөө байкалды, бирок эки тараптуу жолугушуулардын негизинде бул тармак оңолууда. Текстиль тармагында экспорттун төмөндөшү Кытайдан реэкспорттун төмөндөшүнө байланыштуу", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий