• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү

Экономика 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 5 айындаалкоголсуз суусундуктардан 275,6 млн сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445,9 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант же аны алмаштыруучу же даамдуу-жыт берүүчү заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоого акциз салыгы салынат.

2024-жылдын 1-январынан тартып бул продукция акциз жыйымынын маркасы менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш, ошондой эле акциз салыгынын ставкасы 1 сомго жогорулайт (1 литр үчүн).

Пикир

Оставить комментарий