• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манас районунда мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-августта президентинин Талас облусундагы өкүл Нурлан Дарданов Манас районунун Май айылында Ш.Кочкорбаев атындагы мектептин кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жергиликтүү тургундарды, билим берүү кызматкерлерин жана мектеп окуучуларын мектептин кошумча имаратынын ачылышы менен куттуктап, ар бир жаңы ачылган мектеп - мамлекет тарабынан билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган улуу жол экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, 320 орундуу Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектеби 2018-жылы пайдаланууга берилген. Калктын демографиялык санынын өсүшүнө байланыштуу бүгүнкү күндө аталган мектепте 826 окуучу билим алууда. Андыктан мектепке кошумча корпус куруу маселеси каралып, 2022-жылы курулуш иштери башталган.

Мектептин кошумча корпусунун курулушуна түрткү берүүчү гранттан, Манас райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 7 млн 659 миң 998 сом жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий