• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы балдар бакчасы колдонууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Ош шаарында эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы балдар бакчасы колдонууга берилет, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Туран кичи шаарчасында курулуп жаткан жаңы бала бакчасынын курулушунан кабар алып, куруучулар менен жолугушту.

120 орундуу балдар бакчасынын курулушу 95%га бүтүп калган.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов балдар бакчасынын курулушун көрүп чыгып, айрым кемчиликтер менен ой бөлүшүп, тапшырма берди.

"Жаңы балдар бакчасын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардыктарга тапшыруу пландалып жатат. Кийинки жумада жаңы балдар бакчасына дагы барып кабар алуу зарыл. Берилген тапшырмалардын үстүнөн иштеп, тапшыруу күнүнө чейин баарын бүтүрүш керек", - деди Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий