• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептердеги ата-энелер фонду маселесин мыйзамга ылайык чечүү үчүн жумушчу топ түзүлөт - БИМ

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Мектептердин алдындагы ата-энелер фонду маселесин мыйзамга ылайык чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-августта өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Кактус Медиа» редакциясынын журналисти Жамиля Мусуралиеванын мектептердин алдындагы ата-энелер фондунун иштөөсү боюнча суроосуна жооп берип жатып, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга (оңдоп-түзөөгө жана башка) кошумча жумшалуучу ата-энелер төгүмүнүн жылдык бекитилген суммасын аныктап алсак жаман болбос эле деген пикирин билдирген.

“Министрдин бул пикири коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Ушуга байланыштуу министрлик көптөгөн жылдардан бери коомчулукта карама-каршылыктуу көз караштарды жаратып, ата-энелердин нааразычылыгын туудурган ушул маселени мыйзамга ылайык чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүүдө”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жумушчу топтун курамына министрликтин кызматкерлери, ата-энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ аталган маселенин укуктук, финансылык, социалдык жана башка аспекттерин тыкыр карап чыгып, маселени чечүү жолдорун сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий