• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда пандемиядан улам токтоп калган соцшаарчанын курулушу жанданды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылында 2019-жылы башталып, 2020-жылы пандемиядан улам токтоп турган 83 үйдүн курулуш иштери улантыла баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайда буга чейин 11 үйдүн пайдубалы курулган. Ал "Ас-Салам" кайрымдуулук фондунун каржылануусунда ишке ашууда.

Социалдык шаарчанын алгачкы курулуш иштерине бүгүн КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургандары катышты.

Облус башчысы шаарчада аз камсыз болгон 100дөн ашуун үй-бүлө турак жай менен камсыздалаарын билдирди. Бул жергиликтүү муктаж тургундардын түйшүгүн жеңилдетээрин кошумчалады.

Эскерте кетсек, соцшаарчага 83 турак үй менен кошо бала бакча, мектеп, мечит жана тигүү цехи да курулмакчы. Ага жергиликтүү бийлик 9 гектардан ашуун жер бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий