• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында жаандан улам токтотулган таза суу качан берилери айтылды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын бир катар кичи райондорунда 16-мартка караган түнү нөшөрлөгөн жаандан жана селден кийин таза суу берүү убактылуу токтотулган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн вице-мэр Сонунбек Жунусбаев шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте сел жүргөн Данги тилкесине барды. Анда сел жүргөн себептердин бири болгон карьерди жабуу маселеси каралды.

"Ошсууканал" муниципалдык ишканасынын берген маалыматына караганда, Ак-Буура дарыясындагы ылайлануу азайгандан кийин дароо суу берилет.

Белгилей кетсек, Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук жана Калинин массивдеринде таза суу өчүрүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий