• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда 20-апрель күнү жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борбору (КТБ) ишке кирип, салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай заманбап тейлөө борборлору буга чейин Нарын шаарына жана Кочкор районуна ачылып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүп келет.

Ат-Башы районундагы КТБга дагы Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын өздүк булактарынан акча каражаты сарпталып, заманбап эмеректер жана комьютердик жабдуулар менен камсыздалган.

Борбордо жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү учурунда зарыл болгон банк, касса, дарек-маалымдама бюросу, сүрөт кызматы, ксерокөчүрмөлөө жана сурап-билүү кызматтары жайгаштырылган. Кайрылган жарандар зарыл болгон документтерди имараттан сыртка чыкпай туруп эле топтой алышат.

Пикир

Оставить комментарий