• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура “Ош” аэропортундагы суу каптоону иликтей баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Башкы прокуратура “Ош” аэропортундагы суу каптоону иликтей баштады.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен “Ош” аэропортунун имартынын чатырынан суу кирип, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу, каттоо, күтүү залдарын суу каптаган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган факты боюнча териштирүү иштерин Кыргыз транспорттук прокуратурасы жүргүзүүдө.

Текшерүүдө зыянга алып келген фактынын келип чыгуу себептери, аэропортту реконструкциялоо долбоору, аткарылган жумуштун долбоорго шайкештиги, курулган объект кандайча кабыл алынганы жана башка жагдайлар каралып, мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Ошондой эле аталган окуяны иликтөө үчүн буга чейин жумушчу комиссия түзүлөрү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий