• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ош” аэропортундагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. “Ош” аэропортундагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-майда катуу жааган жаандан жана мөндүрдөн улам “Ош” аэропортунун шыбы урап түшкөн. Аэропорттун шыбынан суу агып, бир бөлүгү урап калган.

“Ал учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жаткан. Бардык рейсттер өз убагында аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

18-май саат 20:00гө карата бардык мүчүлүштүктөр жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий