• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ремонт иштерине байланыштуу төрөт үйү убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Ош облусунун төрөт үйү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ремонт иштери 2019-жылдын 7-октябрынан 2-декабрына чейин уланат.

"Кой бойлууларды жана ымыркайларды Өзгөндөгү, Ноокаттагы, Кара-Суудагы, Наримандагы жана Аравандагы аймактык ооруканаларда жана Ош шаардык клиникалык ооруканасы кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, негизги графикке ылайык, атайын дарыгерлер тобу уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий