• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Селсаяк" рейдинин жүрүшүндө 77 өспүрүм кармалды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Ош шаарында "Селсаяк" рейдинин жүрүшүндө 77 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура жана Сулайман-Тоо МБнүн ЖИИ, МУУ 52 кызматкерлери, андан сырткары, Ош шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын, экология жана техникалык коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн жана билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин 6 өкүлүнүн катышуусунда “Селсаяк” рейддик иш-чарасы өттү.

Рейддин жүрүшүндө аймактагы селсаяк өспүрүмдөр чогулуусу мүмкүн болгон 151 жай (устакана, соода түйүндөрү, базар, вокзалдар, унаа жана темир жолстанциялары, унаа жуучу жайлар, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр ж.б.) текшерилип, анын негизинде 77 өспүрүм аныкталды.

42 өспүрүм ата-энелерине тапшырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош ОИИБнин ЖОАБна 32 өспүрүм жеткирилип, социалдык уюмдарга 3 өспүрүм тапшырылган. Алардын ичинен 24 өспүрүмгө байланыштуу материалдар топтолуп, Ош шаардык мэриясындагы балдар комиссиясына маалыматтар жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий