• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Ноокат районунда 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматта райондогу жалпы имамдар кайрымдуулук иштерин уюштурууну баштаганы белгиленет. Алгачкылардан болуп "Жоме" жана "Молдо Якуб" мечитинин имамдарынын демилгеси менен 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды.

Жардам баштыкчасында тамак жасоо үчүн керектелүүчү азыктардын баары камтылып, бир баштыкча 5500 сомду түздү. Жалпы суммасы 1 миң 650 миң сом болуп, "Хадия Ноокат" фонду тарабынан элден чогултулган.

Ноокат райондук хатибияты жалпы имамдарга кайрымдуулук иштерин уюштуруу боюнча тапшырма берилгендигин айтып, мындай сооптуу иштер тез-тез өткөрүлүп турарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий