• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Жалал-Абадда фейк аккаунт аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына таянсак, 30 жаштагы С.М. аттуу жаран облус аймагында өтүп жаткан "Нелегал" операциясынын алкагында кармалган.

"Шаардык соттун далил буюмун алууга уруксат берген токтомунун негизинде шектүүнүн колдонуп жүргөн уюлдук телефону анылып, фейк аккаунт анын телефонуна кошулганы аныкталды", - деп билдиришти облустук милициянын маалымат кызматынан.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө амалдары уланууда.

Облустук милициядан "Нелегал" операциясы 11-марттан 16-мартка чейин уланарын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий