• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда окуучулардын жазгы эс алуусу 11 күнгө созулат

Билим 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда окуучулардын жазгы эс алуусу 11 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тагыраагы, каникул 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

Эскерте кетсек, кийинки жума кыргызстандыктар үчүн 21-марттан 24-мартка чейин узак эс алуу күндөрү болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий