• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен мамлекеттик университети Түркиянын ЖОЖдору менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 27.03.21. /Кабар/. Баткен мамлекеттик университети Түркиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-мартында КРнын Түркиядагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айдарбек Гыязов жетектеген университеттин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин ректору А.Гыязов билим берүү жана окутуу жаатында тажрыйба алмашуу максатында ТРнын жогорку окуу жайлары менен кызматташтык мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн камтыган Түркияга болгон иш сапарынын максаты жөнүндө айтып берди, ошондой эле университеттин базасында теология факультетин ачуу боюнча ниетин билдирди.

Өз кезегинде элчи К.Өмүралиев өлкөлөрдүн илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгы эң динамикалуу багыттардын бири экендигин белгилеп, жогоруда айтылган пландарды ишке ашырууда ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий