• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлиги: Видеосабактарды тартууга 200дөн ашык мугалим тартылды

Билим 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкектеги 9 студиянын жана Ош шаарындагы "ЭлТР" каналынын базасындагы студияда видеосабактарды тартуу жүрүп, монтаждоо жараяны уланып жатат.

Видеосактарды тартууга жалпы 210дой мугалим тартылган.

8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилет.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар жайгаштырылат.

“Мегаком” мугалимдер жана окуучуларга акысыз берчү сим-карталардан портал, тиркеме жана WhatsApp кызматы акысыз болот. Тактап айтканда, баланста каражат жок болгон учурда да иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий