• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жардам штабы үч күндүн ичинде 2 миңден ашык жаранды азык-түлүк менен камсыздады – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Жардам штабы үч күндүн ичинде Бишкек шаарында жана борбор калаанын жаңы конуштарында жашаган 2 миңден ашык жаранды азык-түлүк менен камсыздады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, «1227» түз байланышы, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Facebook социалдык баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык -түлүктөр үйлөрүнө жеткирип берилүүдө.

“Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ачкан эсебине 4 933 962 сом түштү. Акчалай жардамдар мамлекеттик, жеке ишканалар, коомдук жана кайрымдуулук уюмдар берүүдө. Комиссиянын чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн сумманын 4 750 800 сому өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүнөт. Мындан сырткары мамлекеттик материалдык резервден 400 тонна ун берилди.

Белгилей кетсек, түз байланыш номуруна күнүгө 20 миңден ашуун телефон чалуулар болууда. Түз байланыш ишке киргенден баштап өлкө боюнча 120 миңден ашык кайрылуулар түшкөн. Гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана келип түшкөн жардамдар тууралуу маалымат этабы менен берилип турат”, - деп айтылат маалыматта.

Жардам штабы кайдыгер карабаган жарандар жалпы кайрымдуулук ишине өз салымдарын кошууга чакырат. Финансылык жардам берүү үчүн резквизиттерди эске салабыз:

Алуучу: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
ИНН: 01003199710041
БИК: 440001
Э/С 4402011103034541
Банк: КР ФМнин Борбордук казынасы
Төлөө коду: 14511900
ЭЛСОМ 0990 603030

Пикир

Оставить комментарий