• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде 4 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-5-ноябрына чейин Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы филиалынын маалыматына таянып Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ю.Фучик, Ленская жана Сергей Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

Ленская көчөсү, 50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкекгаз” жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий