• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы парад менен коштолду

Аймак 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта Кыргыз милициясынын 97 жылдыгы жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык парад өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашим Тагаев, мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Облус башчысы өзү сөзүндө милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо менен бирге, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө кошкон салымы да зор экенин белгиледи.

"Урматтуу тармактын кызматкерлери Сиздерди 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздер өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, ар түрдүү кылмыштуулуктардын алдын алып, туруктуулукту камсыздап келесиздер. Мындан ары да "Милиция ар дайым эл менен" деген сыймыктуу наамга татыктуу болуп, ишиңиздерди ийгилик коштосун", – деди Сыргабаев.

Майрамдык иш-чарада бир катар милиция кызматкерлери ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий