• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда сууктан улам 1-февралга чейин көмүр казуу токтотулду - Рыскулов

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда суукка карата көмүр казуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, тоолордо учурда -45 градус, мындан улам техника тоңуп калган.

“Биз казууну 1-февралда баштайбыз. Иштер бийик тоолуу жерлерде 26-январда токтотулган. Ошол эле учурда ылдыйкы кендерде казуу уланууда”, - деди ал.

Рыскулов өлкөдө катуу отун жетишсиздиги жок экенин, суук күндөрү жеткидей кам даярдалганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кабар” агенттигине Сокулук районунда адамдар көмүр таппай жатышканы тууралуу маалымдалган. Тартыштыкка көмүр казууну токтотуу себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий