• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Урмамбетов Тажикстандагы “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуусуна катышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстандын “Фахробод” аскердик полигонунда “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуулары өтүп, ага ИИМдин ички аскерлеринин “Шер” атайын даярдыктагы отрядынын аскер кызматчылары, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү катышты.

Иш-чара заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук органдарынын эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган. Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти.

“Атайын машыгуулар күжүрмөн даярдыкты сактоо жана мамааттык күчтөрдүн биргелешкен аракеттеринин практикалык тажрыйбасын алуу үчүн абдан маанилүү, улуттар аралык кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизатка байланыштуу кылмыштар эл аралык масштабга ээ болуп, тынчтыкка, коопсуздукка жана бейпилдикке коркунуч туудурган бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү. Өткөрүлүп жаткан машыгуулар кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошуп, мамлекеттерибизде туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого кызмат кылат деп ишенем”, - деди Урмамбетов.

Андан соң, ИИМдин “Шериктеш” (өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн) жана “Кыргыз милициясына 95 жыл, ИИМдин Ички аскерлеринин “Каармандык” медалдары менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана аталган машыгууга катышкандар сыйланышты.

Машыгуулардын аякташы менен КР ички иштер министринин орун басары Тажикстандын ИИМ академиясына барды. Анда эки мамлекеттин окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Курсанттар менен жолугушуу уюштурулуп, Октябрь Урмамбетов эки элдин ортосундагы достук мамилени сактап келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы коомдук тартипти, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоонун бирдиктүү максаты жөнүндө лекция окуду.

Пикир

Оставить комментарий