• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ооруктун эмгекчиси, Кыргыз ССРнин прокуратурасынын ардагери Лина Евсеева дүйнөдөн өттү

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда ооруктун эмгекчиси, Кыргыз ССРнин прокуратурасынын ардагери, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, Евсеева Лина Яковлевна 96 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Лина Яковлевна 1925-жылдын 5-январында Казакстан Республикасынын Талды-Курган облусунда төрөлгөн.

1947-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун Фрунзе облусунун Пролетарск (азыркы Бишкек шаарынын Ленин району) районунун прокурорунун жардамчысы кызматынан баштаган.

Прокуратура органдарында ар түрдүү кызматтарды аркалап келип, 1986-жылдан тартып Кыргыз ССРинин прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктаган.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Лина Яковлевнанын жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий