• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен районунун акими болуп Акылбек Орозов дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Орозов Акылбек Курбанбекович Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Премьер-министр кол койгон башка бир буйрукка ылайык, Каланбек Маркаев Баткен облусунун Баткен районунун акими кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий