• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Манас» эл аралык аэропорту он айдын ичинде 3,2 млн ашык жүргүнчүнү тейледи

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 10 ай аралыгында 3 миллион 240 285 жүргүнчүнү тейледи.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге көп. Алардын ичинен 1 миллион 104 миң 654 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам - 2 миллион 135 миң 631 жүргүнчүлөр агымын түзгөн.

2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 миң 432 каттам ишке ашырылды. Алардын 18 миң 699 – эл аралык, 8 миң 733 – ички каттамды түздү.

Андан сырткары, «МЭА» ААК 10 ай аралыгында 19 551,1 тонна жүк аткарылган. Алардын ичинен эл аралык каттам – 19 493,1 тонна, ички каттам – 57,99 тонна.

Статистика боюнча:

• Эл аралык «Манас» аэропорту 14 миң 965 каттамды тейледи. Алардын 4 миң 242 – ички, 10 миң 723 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 миллион 738 миң 662 кишини түздү. Алардын 542 миң 763 – ички, 1 миллион 195 миң 899 – эл аралык.

19 252,2 тонна жүк аткарылган: 19 220,43 тонна – эл аралык, 31,74 тонна – ички.

• «Ысык - Көл» эл аралык аэропорту 998 каттамды тейледи. Алар: 134 – ички, 864 - эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 92 миң 573 кишини түздү. Алардын 12 миң 588 – ички, 79 миң 985 – эл аралык багытта.

• «МЭА» ААКнын Ош филиалы 11 миң 459 каттамды тейледи. Алардын 4 миң 357 – ички, 7 миң 112 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 миллион 409 миң 50 кишини түздү. Алардын 549 миң 303 – ички, 859 миң 747 – эл аралык багытка туура келет.

298,9 тонна жүк аткарылган: 298,9 тонна жүк: 272,7 тонна – эл аралык, 26,2 тонна – ички.

Пикир

Оставить комментарий