• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткен шаарында зомбулукка каршы семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин 8-классынан жогорку окуучуларга “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен семинар болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинарга Баткен ШИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ушул багытта тартылган, тарбиялык мааниси терең, атайын даярдалган роликтерди мектеп окуучуларына коюп берди. Кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга бөгөт коюу максатында жогоруда аты аталган мектепте милициянын жаш жардамчылары түзүлүп, милиция кызматкерлерине жакындан жардам берип келишет.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен профилактикалык жолугушууларды, таймаштарды үзгүлтүксүз өткөрүп келет.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, аталган мектепте жыл ичинде кылмыштуулук катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий