• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

ОшМУда универсалдуу 4-1 лапароскоп аппараты менен алгачкы операция жасалды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу бейтапка лапароскопиялык холецистэктомия дартына операция жасалды.

Окуу жайдан билдиришкендей, операцияга лапароскопиялык жабдыктарды жасаган дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын бири болгон германиялык KARL STORZ компаниясынын 2022-жылы чыгарылган универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык аппараты колдонулду.

“Бул жабдыктын камерасы так, даана көрсөтөт. ОшМУнун медициналык клиникасына алынып келген универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык жабдыгынын жардамында абдоминалдык хирургия, гинекология, лор, боор жана урология багыттарында да операция жасоого мүмкүнчүлүк жаралды. Бүгүн видеолапароскопиянын жардамында холецистэктомия дартына операция жасадык”, - деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.

Белгилей кетсек, буга чейин ОшМУнун медициналык клиникасында ушул жылдын 26-январында алгачкы жолу ашказандын оор дартына операция жасалган.

Пикир

Оставить комментарий